Бишкек-Ош унаа жолунда 3 унаа кагышып, 4 адам каза  болду

Автор -

Жайыл районундагы жол кырсыгынан 4 адам мерт кетип, 8 жаштагы кыз жаракат алган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-август күнү болжол менен 10:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу, Мазда жана Хонда Тарнео үлгүлөрүндөгү 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 1980-жылы туулган А.Ж., 1982- жылы туулган. А у.И., 2015- жылы туулган А.У. жана 1982- жылы туулган А.Н. каза болуп, 2011- жылы туулган А.А. аттуу кыз жаракат алган.

КР ӨКМнин КДМБнан 6 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган адамды тез жардам кызматкерлери ооруканага жеткиришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү