Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карайт

Автор -

Эртең 21-август саат 16:00дө Жогорку Сотто Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралат.  Бул тууралуу Ата Мекен партиясынан билдиришти.

Эки саясатчы 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Экөө тең муну саясий куугунтук катары баалап келишет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү