Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы тилкеде абал тынч

Автор -
409

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы тилкеде абал тынч, топтолгон эл жок. 24-августта жабыркаган милиционердин абалы жакшы, ал Кулунду айылынын ооруканасында дарыланууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.

Бекмуратов 25-августта Тажикстандын чектеш Гафуров районунун жетекчиси Зариф Назири менен жолукканын, натыйжада Баткен облусу менен Согди облусунун жетекчилерине атайын сунуш кат жазып, чек ара аймагында курулуш жүргүзүү маселесин чечип берүү өтүнүчү менен кайрылышарын айтып берди. Ага чейин бир жума чек арага жакын жерде курулуш иштерин токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынды.

— Чек ара аймагынан 500 метрге чейинки аралыкта курулуш иштерин жүргүзбөө тууралуу 2004-жылы чыгып, 2011-жылы толукталган келишимдер бар, — деди аким. — Биз губернаторлорго ишти жандандыруунун зарылдыгы тууралуу кайрылуу жазалы деп сүйлөштүк. Себеби эл тиричилик кылышы керек, бирөө сарай салса, дагы бирөө көмүркана салышы зарыл. Эки аким губернаторлорубузга чечим кабыл алып берүү боюнча өтүнүч кат жазмай болдук. Ага чейин бир жуманын ичинде эки тараптан тең курулуш иштери токтоп турарын макулдаштык.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий маалыматына караганда, 24-августта Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Борбордук айылында чек ара чыры катталган. 15-20 тажик жараны короосуна тосмо куруп жаткан кыргызстандыктан ишти токтотууну талап кылып, ал жер тактала элек тилке экенин айтышкан. Тажикстандыктар анын курулушун буза башташкан. Окуя болгон жерге кыргыз чек арачылары жана милиция кызматкерлери барган. Тажик жарандары аларга таш ыргытып, колундагы куралын тартып алууга аракеттенишкен. Абал курчуп кетпеши үчүн кыргыз чек арачылары эки жолу асманга ок атканда чогулгандар тарап кетишкен.

Тажикстандын Чек ара аскерлери 24-августтагы окуяга кыргыз тарап күнөөлүү деп жатат. Мекеме тараткан расмий маалыматта кыргызстандык жаран тактала элек тилкеде курулушка тыюу салынганына карабастан кара май куюучу станция курганы жатканы айтылат.

“Баткендин тургундары дайыма ортодо кабыл алынган протоколдорду бузуп, чагымчыл аракеттерге барышат” деп айтылат тажик чек арачыларынын билдирүүсүндө.

Быйыл июль айында кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен тажик президенти Эмомали Рахмондун жолугушуусу өтүп, чек ара маселеси талкууланган.

Бөлүшүү