ЖЭБ боюнча соттук отурум Сапар Исаковдун келбегендигине байланыштуу жылдырылды

Автор -

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин кароо 28-августка жылдырылды. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

Маалыматка ылайык,  айыпталуучулардын бири, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ден соолугуна байланыштуу соттук жараянга келбегендигине байланыштуу соттук отурум жылдырылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Исаков 16-августтан бери Улуттук госпиталда жатат. Ага «кыр арка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлган. Бир нече дарыгер Исаковду текшерүүдөн өткөргөндөн кийин консилиум болуп, аны №2 неврология бөлүмүндө дарылоо жөнүндө сунуш түшкөн.

Бөлүшүү