Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы суракка чакырылды

Автор -

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди Аскер прокуратурасына чакырышты. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жактоочу Замир Жоошевге шилтеме берип жазып чыкты.

Анын айтымында, көзөмөл органында Канат Сагымбаев менен анын кесиптеши бетме-бет кездештирилет.

«Канат Сагымбаев менен анын кесиптешинин көрсөтмөлөрүндө карама-каршылыктар бар. Экөө тең күбө катары өтүүдө. Тергөөчүнүн процедуралык суроолору бар, ошондуктан Канат Сагымбаевди чакыртышты»
деди жактоочу.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү