Садыр Жапаровдун уулу кырсыктаган учурдагы видео тарады (Видео)

Автор -
287

Садыр Жапаровдун Көк-Жар айылында болгон жол кырсыкта каза тапкан уулу Дастандын кырсык маалындагы видеосу тарады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине күбөлөр билдиришти.

Видеого мотоцикл айдап бараткан айдоочу жеңил унаага кантип урунганы түшүп калган. Toyota унаасынын айдоочусу гипермаркеттин унаа токтотуучу жайынан чыгып бара жаткан.

«Унаанын айдоочусу бир унааны кое берип анан бурулган. Бул убакта мотоцикл келип урунду»
деп билдиришти күбөлөр.
Бөлүшүү