Камактагы тажикстандык адвокатка эл аралык сыйлык ыйгарылды

Автор -

Тажикстанда узак мөөнөткө эркинен ажыратылган адвокат Бузургмехр Ёровго белгилүү укук коргоочу Файзиннисо Вохидова атындагы эл аралык сыйлык ыйгарылды.

Маалыматка караганда, сыйлык 18-сентябрда анын Европада жашаган бир тууганы Жамшед Ёровго берилди.

Файзиннисо Вохидова атындагы сыйлык саясий репрессия шартында адам укуктары үчүн күрөшкөн инсандар менен уюмдардын эмгегин баалоо максатында быйыл негизделген.

Бузургмехр Ёров Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясынын» соттолуп жаткан мүчөлөрүнүн укуктарын коргой баштагандан кийин 2015-жылы сентябрда кармалган. 2016-жылы октябрда Душанбе шаардык соту ага катаал режимдеги абакка 23 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ошол эле айда Ёровго каршы «Бийлик өкүлүн кемсинтүү» жана «Сотту сыйлабоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, анын жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулган. Кийинчерээк ага каршы алдамчылык жана тажик президентин кемсинтүү айыптары менен төртүнчү кылмыш иши козголгон.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Ёровду саясий туткун деп эсептеп, бир канча жолу тажик бийлигин аны абактан чыгарууга чакырышкан. Бирок расмий Душанбе Бузургмехр Ёровго карата чыгарылган өкүм анын жасаган кылмыштарына дал келерин белгилеп, ал саясий туткун эмес экенин айтып келет.

Буга чейин Ёров Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы (ПАСЕ) тарабынан адам укугун коргогон ишмерлерге бериле турган Вацлав Гавел атындагы сыйлыкка көрсөтүлгөн. Сыйлыктын жаңы ээси расмий түрдө ПАСЕнин 30-сентябрдагы пленардык сессиясында жарыяланат.

Бөлүшүү