Кой-Таштагы окуядан оор жарат алгандар тууралуу кеңири айтылганы менен жабыркагандардын так саны белгисиз бойдон калууда. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү желим октор менен үн чыгаруучу гранаталар эле колдонулганын айтышууда. Бирок эл арасында аскер огунан жарат алгандары дагы бар.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Кой-Таштагы окуядан жүз кырк адам жабыр тарткан. Жарат алгандардын көбү бийликтин куугунтугунан коркуп, медициналык жардам алуудан баш тарткан.