Курсан Асанов үй камагына алынды

Автор -

Биринчи Май райондук соту  Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановду 13-октябрга чейин үй камагына чыгарды.

Курсан Асанов тергөөнүн аргументтерине макул эместигин, адилеттүүлүккө ишене тургандыгын журналисттерге билдирген.

Белгилей кетсек, Курсан Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен козголгон ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

Асанов «милициянын кызыкчылыгын саткан» деген негизде 9-августта иштен алынган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү