Бүгүн, 29-августта саат 14:00дө «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу “Марал радиосу” Таалайгүл Токтакуновага шилтеме берип жазып чыкты.
[ads-quote-center cite=’деди Таалайгүл Токтакунова.’]«Биз өлкөдөн чыкпоо шарты менен үй камагына чыгарууну суранып жатабыз. Арызыбыз канааттандырылыш керек деген үмүттөбүз. Мыйзам боюнча чыгарганга өзүнүн жүйөлөрү бар»[/ads-quote-center]Эске салсак, 21-августта Жогорку сотто «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралып, буга чейинки өкүмдөр жокко чыгарылып, соттун чечимине ылайык, иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра карала турган болгон.