Кытайдын Борбордук опера театрынын артисттери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды

Автор -
211

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүүгө, достук байланыштарды бекемдөөгө жана улуттук маданияттарды өз ара байытууга, ошондой эле «Манас» эпосун жайылтууга кошкон салымы үчүн Кытайдын Борбордук опера театрынын бир катар артисттери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды.

«Даңк» медалы менен:

Ли Шуан — Кытай Эл Республикасынын Борбордук опера театрынын солисти;

Юй Цзинжэнь — Кытай Эл Республикасынын Борбордук опера театрынын солисти;

Яо Хун — Кытай Эл Республикасынын Борбордук опера театрынын солисти.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

Го Чэнчэн — Кытай Эл Республикасынын Борбордук опера театрынын солисти;

Гэн Чжэ — Кытай Эл Республикасынын Борбордук опера театрынын солисти.

Бөлүшүү