Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов үй камагына чыгарылды (Видео)

Автор -

Бишкектин Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновду үй камагына чыгарды.

Эки саясатчы 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Экөө тең муну саясий куугунтук катары баалап келишет.