Өмүрбек Бабанов сегиз иш боюнча суралып жатат

Автор -

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, азыркы тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) ага байланыштуу төрт иш, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) да төрт иш иликтенип жатканын айтты.

«Менин билишимче УКМКда төрт иш бар экен. Ошол иштер боюнча көрсөтмө берип жатам. Финансы полициясында да төрттөй иш бар экен»
деди Бабанов.

Ал жогорудагы иштердин айрымдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда, айрымдары быйыл жанданганын билдирди. Бабанов бул тууралуу бүгүн, 29-августта Финансы полициясына кезектеги суракка кирип чыккандан кийин айтты. Ал буга чейин да атайын кызмат менен Финполго бир нече жолу сурак берген.

«Азаттык» Өмүрбек Бабановго байланыштуу иштер боюнча УКМК менен Финансы полициясына кайрылды. Атайын кызмат кат жөнөткөндөн кийин жооп берерин, ал эми Финполиция тактап туруп жооп узатарын кабарлады.

Бөлүшүү