Каракол-Бишкек унаа жолунда жол кырсыгы болуп, беш адам каза тапты. Окуянын тасмасын April.kg порталына күбө жиберген.
Маалыматка ылайык, кырсык 30-августта Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылынын аймагында болгон.
[ads-quote-center cite=’деп билдирет күбө. ‘]«Жол тандабастын айдоочусу мас экен. Анын унаасы барып, карама-каршы тилкеде келаткан BMW унаасын минип калды. Жол тандабастын айдоочусу менен ичиндеги аял аман калды, берки унаадагы 5 адам тең мүрт кетти»[/ads-quote-center]