Ысык-Көлдө үрөй учурган жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болду (Видео 18+)

Автор -
420

Каракол-Бишкек унаа жолунда жол кырсыгы болуп, беш адам каза тапты. Окуянын тасмасын April.kg порталына күбө жиберген.

Маалыматка ылайык, кырсык 30-августта Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылынын аймагында болгон.

«Жол тандабастын айдоочусу мас экен. Анын унаасы барып, карама-каршы тилкеде келаткан BMW унаасын минип калды. Жол тандабастын айдоочусу менен ичиндеги аял аман калды, берки унаадагы 5 адам тең мүрт кетти»
деп билдирет күбө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү