Бишкектин айрым райондорунда 2 күнгө жаратылыш газы жок болот

Автор -

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу Бишкектин айрым райондорунда 2 күнгө жаратылыш газын берүү токтотулат.

Мекеменин маалыматына ылайык, 3-5-сентябрда Бишкек шаарынын Очаковская, Кайназарова, Власова көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында,  Маевка айылынын Виноградная, Набережная, Новая көчөлөрүндө, Достук кичи районунун Буурдинская, Темировский, Сад, Мессароша, Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында газ жок болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү