Жалдагы мушташ боюнча милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Автор -
2495

Ленин райондук прокуратурасы Бишкекте эки киши катуу сабалган мушташ боюнча милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул маалыматты «Азаттык» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына шилтеме берип жазды.

Мекеменин маалыматына ылайык, Бишкектин Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан супермаркеттин жанындагы мушташка катышып, эки кишини катуу сабагандарды окуя болгон жерден милиция алып кеткен. Алар аймактык милиция бөлүмүнө жеткирилип, кайра коё берилген. Кийин аларга издөө жарыяланган.

«Милиция кызматкерлеринин аракети «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тергейт»
деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү