Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги туруктуу өкүлү дайындалды

Автор -

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнү аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Абытов Алмасбек Ахунжанович Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Аны депутаттарга Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков тааныштырды.

Алмасбек Абытов 1966-жылы туулган, жогорку билимдүү, техника илимдеринин кандидаты, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеӊешчиси.

Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги жаӊы туруктуу өкүлү Өкмөттүн Аппаратына барганга чейин узак жылдар Жогорку Кеӊештин Аппаратында жооптуу кызматтарда иштеген. Ал V чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин депутаты болгон.

Эске салсак, Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги мурдагы туруктуу өкүлү Ашырбек Темирбаев ушул жылдын 16-июлунда каза болгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү