Президент Абылгазиевге Өкмөт иштеш гана керек деген талабын койду

Автор -

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту.

Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, социалдык-экономикалык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Өкмөттүн социалдык оң жана терс көрүнүштөргө, күнүмдүк жашоодогу ар кыл чакырыктарга тез реакция кылып, тиешелүү чараларды ыкчам көрүшү зарылдыгын белгиледи.

Президент Өкмөттүн негизги милдети — экономиканы өнүктүрүү, элдин жашоосун жакшыртуу ишине тоскоол болчу факторлор дээрлик жок экенин баса белгиледи.

[ads-quote-center cite=’деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.’]«Өкмөттүн иштөөсү үчүн өлкөдө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлиги өз ара конструктивдүү иштеп жатышат. Ошондуктан Өкмөт иштеш гана керек. Башка талап жок»[/ads-quote-center]

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экономиканын тармактарын өнүктүрүү, аймактык өнүктүрүү боюнча актуалдуу чаралар, өлкөнү санариптештирүү, инфраструктуралык жана агроөнөржай долбоорлорун ишке ашыруу боюнча аткаруучу бийлик органдарынын азыркы ишмердиги жөнүндө айтып берди.