УКМК Атамбаевдин жансакчыларына эмне айыптарды тагууда? (Видео)

Автор -

«УКМК Атамбаевдин жансакчыларына эмне айыптарды тагууда аттуу» атайын репортажды «апрель.тв» агенттиги жарыялады.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев Аскер прокуратурасына кайрадан суракка чакырылган.

Алмазбек Атамбаев 7-8-августта атайын операциядан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап 26-октябрга чейин узартып, УКМКнын тергөө абагына камоо тууралуу чечим кабыл алган.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштерин тергөөнүн алкагында анын мүлкү, баалуу кагаздары, акциялары, Кыргызстандын банктарындагы эсептери камакка алынган.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү