Канат Сагымбаев: Аскер прокуратурасы тараткан документке кол койгон эмесмин

Автор -
230

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев Аскер прокуратурасы тараткан документ боюнча жооп кайтарды.

Текстти толугу менен беребиз:

Кой-Таш окуясы боюнча менин ачык билдирүүмө жооп катары Аскер прокуратурасы тараткан түшүнүксүз кагаздары «Сагымбаевге эскерткенбиз» деген жалган жалааларын жокко чыгара албайт.

Тактап айтканда, мен экс-президент Алмазбек Атамабаевди күч колдонуп кармап кетүү жөнүндө кандайдыр бир эскертүү ирээтиндеги документтерине кол коймок тургай, аларды көргөн да эмесмин.

Мен бөлүм башчы катары буга чейин биздин ишибизге тийиштүү болгон бир нече документтер менен гана таанышып, аларга кол койгонумду белгилеп кетким келет. Бирок булар жарыялап жаткан документке кол койгон эмесмин. Жетекчилер мага эскертмек тургай, мен өзүм атайын кайрылып, берген суроолорума да жооп бере алышкан эмес.

Мен азыр кайсы бир документтин менин колум турган бетин калтырып, башка беттерин өзүлөрү каалагандай жасап койсо деле таң калбайм. Анткени жоопкерчиликтен качкан жетекчилер өзүлөрүн коргош үчүн баарына даяр, жадагалса, документтерди жасаганга чейин барышат. Себеби, булардын максаты – болгон күнөөнү эптеп мага оодара салууга далбастап жатышат. Бирок, эртедир кечтир, булар бардык кылган мыйзамсыз иштерине мыйзам алдында жооп береринен күмөнүм жок.

Бөлүшүү