Хабиб Порье менен болгон беттеште 6 млн $ гонорар алат

Автор -

Хабиб Нурмагомедов менен Дастин Порьенин беттеши 6-сентябрдан 7 -сентябрга караган түнү БАЭнин борбору Абу-Дабиде болот.

Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедов бул беттеште улуунун канча гонорар алаарын айтты.

[ads-quote-center cite=’деп билдирди Абдулманап Нурмагомедов. ‘]«Бул жолку гонорар Конор Макгрегор менен болгон беттештегиден дагы 3-3,5 эсе көп болот. Биз өзүбүздүн баабызды жакшы билебиз жана майда нерсе үчүн согуша бербейбиз. Ал эми Макгрегор менен болгон беттештеги гонорар бизге азыр аздык кылат. Биз эң күчтүүлөрдү уттук, мындан дагы күчтүүлөр менен беттешүүгө даярбыз. Биз атактуу экенибизди дагы билебиз. Муну сиздер залга чыкканда Хабибди жана Порьени эл кандай тосуп алганынан улам эле билсеңиздер болот»[/ads-quote-center]

Эскерте кетсек, Конор менен болгон беттеште Хабиб 2 млн$  гонорарга ээ болгон.