Өкмөт балдарды документтештирүү боюнча Улуттук кампанияны жүзөгө ашырат

Автор -

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2019-жылдын 31-декабрына чейин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдарды табуу жана аларды документтештирүү боюнча Улуттук кампанияны жүргүзөт. Бул иш-чаранын алкагында жарандар документти жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала алышат.

Бүгүнкү күндө 1200 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү БУУнун балдар фонду менен биргеликте жүзөгө ашыра турган кампаниянын максаты: өлкөдө документи жок «көрүнбөгөн» балдар болбошу керек.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын тизмеси түзүлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Мамлекеттик каттоо кызматы бул тизменин негизинде туулгандыгы тууралуу күбөлүктү даярдап, балдар жашаган аймактарга алып барып берет.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери эл арасында балдардын документин жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Буга чейин вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова балдарды документтештирүү темасы дагы бир маанилүү маселени алып чыгаарын айткан.

«Көпчүлүк учурда ата-энелердин өздөрүнүн документтери же паспорттору жок, демек алар балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алышпайт. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 275-беренеси «Баланын төрөлгөндүгүн каттоо мөөнөттөрүн бузуу» бар жана бул мөөнөттү бузуу үчүн эскертүү берилип же 1000 сом өлчөмүндө айып салынат. Айрым ата-энелер айыппул үчүн балдарына документ алууну создуктурушат. Бул өз кезегинде балдар үчүн бир катар көйгөйлөрдү алып келет»
деген.

Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине 275-беренени Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинен алып салуу мүмкүндүгүн кароону сунуштаган. Анткени ата-энелер балдарын бала бакчаларга орноштуруу, жөлөкпул алуу үчүн документ алууга кызыкдар.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине төрөт үйлөрүнө кош бойлуу аял документи жок түшсө, ал тууралуу маалыматты базадан табуу жана ыкчам түрдө балага документтерди даярдоо үчүн тиешелүү органдарга маалымат берүү тапшырылган. Бул үчүн мекемелер аралык «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү тутумун колдонууга болот.

Бөлүшүү