Жалдагы мушташка шектелген ага-ини камакка алынды (Видео)

Автор -
2011
«Бүгүн таңкы саат: 4:00 чамасында Бишкектеги резонанс жараткан мушташка шектелип издөөдө жүргөн Бапышов Жаныбек менен Сейитбеков Калысбек өз ыктыяры менен Бишкек шаардык Ички Иштер Башкармалыгына келишти. Алар аталган органдын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Айыбы угузулуп камакка алынды»
деп айтылат "Жалбырак.тв" каналынын маалыматында.

28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө 39-130 (адам өмүрүнө кол салуу) беренеси менен кылмыш иши ачылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү