Жогорку Кеӊеште жаӊы депутат ант берди

Автор -

Жогорку Кеӊеште «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевич ант берип өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ал жакында  депутаттык ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда токтоткон Насыр Мусаедин ордуна келди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров жалпы депутаттардын атынан Бектен Сыдыгалиевди депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалады.

Бектен Сыдыгалиев жогорку билимдүү, буга чейин Улуттук коопсуздук тармагында ар кандай жооптуу кызматтарды иштеп келген.

Белгилей кетсек, «КР ЖК депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊы депутат парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Бөлүшүү