Карамушкина: БУУ менен ЕККУ бюросу 7-8-августтагы окуяларга баа берсин!

Автор -

 

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина эл аралык уюмдарды 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяга баа берүүгө чакырды. Ал бийлик КСДПнын жана ЖМКлардын ишмердүүлүгүнө чектөө менен мыйзамды бузууну улантып жатканын белгиледи.

«КСДП кеңсени ижарага алып келген «Медиафорум» имараты камакка алынды. Эгер Алмазбек Атамбаевди саясий куугунтуктоо жүрүп жатса, бул партия өз ишмердүүлүгүн токтотуш керек дегенди билдирбейт. Саясий партиялар жөнүндө мыйзамга ылайык, мамлекеттик органдардын жана кызматтагы адамдардын саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Бирок ЖМКлар дагы  – «Апрель» менен «7-канал» камакка алынды. Бул жерде Кой-Таштагы окуяларды чагылдырган ЖМКларга да, экс-президенттин тарапташтарына да куугунтук жүрүп жатат. Мыйзам одоно бузулууда», — деп билдирди Карамушкина.

Ал эл аралык уюмдарды жагдайга баа берүүгө чакырды.

«Мен бийликтин өкүлдөрүнө кайрылып, кырдаалды курчутууну жана адам укуктарын басмырлоону токтотуусун талап кылам. Мыйзамдык талаада гана маселени чечүүгө өтүү керек. Мен ошондой эле саясий партиялар, парламенттик системаны өнүктүрүү үчүн укуктук шарттарды түзүү сыяктуу жыйындарды өткөрүп келген Бириккен Улуттар Уюмун жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) алдындагы Демократиялык институттар жана Адам укуктары боюнча бюросун (БДИПЧ) 7-8-августтагы окуяларга, экс-президенттин камакка алынышына, «Апрель» жана «7-канал» телекомпанияларынын жана КСДПнын мүлктөрүнүн камакка коюлушуна эл аралык баа берүүнү өтүнөм»,- деди Ирина Карамушкина.

 

Бөлүшүү