№ 11 шаардык троллейбустун айдоочусу кары жагымсыз жыт келип жатат деп шекшип, орой түрдө кары аялды салондон чыгып кетишин талап кылган. Бул тууралуу Vesti.kg сайты жазып чыкты.
Тийиштүү видео жакында эле Instagram социалдык тармагында жарыяланган.
[ads-quote-center cite=’деген айдоочу чоң апага.’]«Сасып жатат. Мына баштыгы сасып жатпайбы. Чыгып кет»[/ads-quote-center]Окуянын күбөсү мындай орой айдоочуну жумуштан кетирүү керектигин белгиледи. Күбө троллейбустун ичиндеги жүргүнчөлүрдүн эч кимиси сезбеген кандайдыр-бир жытты сезип, ал үчүн кары аялды айыптап, салондон чыгарып жибергенин жазган.
[ads-quote-center cite=’деп жазган окуянын күбөсү.’]«Буга нааразы болгон башка жүргүнчүлөргө да кыйкырып, уят сөздөр менин аларды да кууп жиберем деп коркуткан. Жолдун ортосунан чыга калып, башка айдоочу-айымды туура эмес токтотуп койдуң деп тилдеди. Оорулуу адам окшойт, менден бөлөк дагы бир аял да арыз жазаарын айтты»[/ads-quote-center]Ал ортодо «Бишкек троллейбус башкармалыгынын» башчысы Нуркай Асанов Vesti.kg сайтына айдоочу өзүн мындай алып жүрүүгө укугу жоктугун билдирди.
[ads-quote-center cite=’дейт Асанов.’]«Бул окуя боюнча Бишкек троллейбустук башкармалыгында саат 11де комиссия чогулат, -деди ал. Комиссиянын чечими менен бул айдоочуга чара көрөбүз. Буга чейин бизде мындай мисал катталган эмес, мындай кылбашы керек болчу» [/ads-quote-center]https://youtu.be/9WQhjH6rxt8