Бишкекте айдоочу жагымсыз жыт келип жатат деп, кары аялды троллейбустан кууп чыкты (видео)

Автор -
318

№ 11 шаардык троллейбустун айдоочусу кары жагымсыз жыт келип жатат деп шекшип, орой түрдө кары аялды салондон чыгып кетишин талап кылган. Бул тууралуу Vesti.kg сайты жазып чыкты.

Тийиштүү видео жакында эле Instagram социалдык тармагында жарыяланган.

«Сасып жатат. Мына баштыгы сасып жатпайбы. Чыгып кет»
деген айдоочу чоң апага.

Окуянын күбөсү мындай орой айдоочуну жумуштан кетирүү керектигин белгиледи. Күбө троллейбустун ичиндеги жүргүнчөлүрдүн эч кимиси сезбеген кандайдыр-бир жытты сезип, ал үчүн кары аялды айыптап, салондон чыгарып жибергенин жазган.

«Буга нааразы болгон башка жүргүнчүлөргө да кыйкырып, уят сөздөр менин аларды да кууп жиберем деп коркуткан. Жолдун ортосунан чыга калып, башка айдоочу-айымды туура эмес токтотуп койдуң деп тилдеди. Оорулуу адам окшойт, менден бөлөк дагы бир аял да арыз жазаарын айтты»
деп жазган окуянын күбөсү.

Ал ортодо «Бишкек троллейбус башкармалыгынын» башчысы Нуркай Асанов Vesti.kg сайтына айдоочу өзүн мындай алып жүрүүгө укугу жоктугун билдирди.

«Бул окуя боюнча Бишкек троллейбустук башкармалыгында саат 11де комиссия чогулат, -деди ал. Комиссиянын чечими менен бул айдоочуга чара көрөбүз. Буга чейин бизде мындай мисал катталган эмес, мындай кылбашы керек болчу»
дейт Асанов.

Бөлүшүү