Курсан Асановдун адвокатынын иши сотко жиберилди

Автор -

Адвокат Икрамидин Айткуловго карата «Алдамчылык» беренеси менен козгогон иштин сотко чейинки тергөөсү аяктады. Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн материалдары Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.

Эске салсак, Икрамидин Айткулов 5 миң 500 доллар алгандыгы боюнча «Алдамчылык» беренеси менен шектелүүдө. Ал соттун чечими менен үй камагына алынган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү