Өзбекстанда пахта теримге мажбурлоо уланууда

Автор -

Өзбекстандын айрым аймактарында 14-сентябрда пахта терим башталды. Өзбек бийлиги тыюу салганына карабай, кээ бир бюджеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери пахта теримге жөнөтүлдү.

Анжиян аймактык электротүйүндөр ишканасынын жетекчилиги кызматкерлерден пахта теримге өз эрки менен чыгып жатышканы тууралуу тил кат жаздырып алды.

«Бизге: «Пахта тер же 500 миңден 1 миллион сумга (50-100 доллар) чейин акча төлөгүлө деп айтышты. Биздин маянабыз араң 1 миллион сум, эми эмне кылышыбыз керек? Биздин көйгөйдү ким угат?»
деди кызматкерлердин бири.

Айрым мекеме жетекчилери пахта теримге чыкпагандарды «жумуштан бошотом» деп коркутуп жатканы кабарланууда.

Өткөн аптада Улуттук гвардиянын алдындагы Аскердик-техникалык институттун, ИИМ Академиясынын жана Жогорку аскердик бажы институтунун курсанттары пахта теримге чыгууга мажбурланып жатканын билдиришкен.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев быйыл 12-сентябрда мектеп окуучуларын, студенттерди жана бюджеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлерин күч менен пахта теримге чыгарууга тыюу салган.

Ага чейин АКШнын Эмгек министрлиги Өзбекстанды товар өндүрүүдө балдардын эмгеги колдонулган өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү