Кочкор районунда эки унаа кагышып, 56 жаштагы аял жабыркады

Автор -
«Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында (Куакы ашуусу) ЗИЛ-130 оор жүк ташуучу жана Мерседес-Спринтер жүк ташуучу унаалардын каттышуусунда жол кырсыгы катталган. Натыйжада 1963-жылы туулган Ж.С.аттуу аял киши жабыркаган»
деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.

Куткаруучулар жабыркаган аялды унаадан чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Бөлүшүү