Аэропорттон салмагы 11кг болгон баалуу ташты алып бара жаткан жаран кармалды

Автор -

КР Бажы кызматы “Манас” аэропортунан  11.6 кг салмактагы “Кызыл Кордун” табигый ташын алып бара жаткан А.у.Р. аттуу жаранды кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, кармалган товардын баасы 500 000 АКШ долларын түзөт.

Бул факт Кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча КРӨгө карашту ЭКККМга өткөрүлүп берилди.