Чек ара чыры: Эки тараптын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү

Автор -
350

Бүгүн, 17-сентябрда Тажикстан Республикасынын  Согдий облусунун Гафур районуна караштуу Овчи-Калача калктуу конушунда Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын  төрагасынын  биринчи орун басары — Башкы штабдын башчысы полковник Абдикарим Алимбаев жана  Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары — Чек ара аскерлеринин колбашчысы генерал-полковник Раджабали Рахмонали  мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик  тилкесиндиги абалды, Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат жердигинде Мамлекеттик чек аранын  тилкесиндиги кооптуу абалды турукташтыруу маселесин  талкууга алышып,  мындан сырткары  бирдиктүү иш алып баруу маселесин иштеп чыгышты.

Жакынкы сааттарда  мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз  алдынча башкаруу органдарынын  өкүлдөрүнүн ортосунда эки тараптын  сүйлөшүүлөрү жүргүзүлөт.