Руслан Бийбосунов КРнын Екатеринбургдагы Башкы консулу болуп дайындалды

Автор -

Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Бийбосунов Руслан Мэлсович Россия Федерациясынын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин башка Жарлыгына ылайык, Салимжанов Бообек Эркинбекович Россия Федерациясынын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу кызматынан бошотулду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү