Чек ара чыры: «Кулунду автоунаа жолу» көзөмөл өткөрүү жайы бир тараптуу жабылды

Автор -

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги «Кулунду-унаа жолу» өткөрмө бекети бир тараптуу жабылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тажик тарап бир тараптуу негизде «Кулунду — унаа жолу» көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтотту. Аталган чектөө башка өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жок.

Башка өткөрмө жайлар адаттагыдай иштеп жатат. Эки өлкөнүн мамлекеттик чек ара тилкесинде 5 өткөрмө жайы жайгашкан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү