Чек ара чыры: Максат айылынан 700 ашуун тургун көчүрүлдү

Автор -
378

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Максат айылынан 752 тургун көчүрүлдү. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө шилтеме берип  билдирди.

Маалыматка караганда, алардын көпчүлүгүн туугандары жана коңшу калктуу конуштардын жашоочулары алып кетишти.

«130 киши Эски оочу айылынын мектептерине жайгаштырылды. Учурда Максат айылынын тургундары абалдын чыңалуусуна байланыштуу, өз үйлөрүн таштап келишүүдө», -деп билдиришти жергиликтүү аткаминерлер.

 

 

Бөлүшүү