Кыргыз-Тажик чек арасында жарадар болгон 11 адам Бишкекке алынып келинет

Автор -
225
«Учурда Кыргыз-Тажик чек арасында абал туруктуу»
деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

Ага ылайык, бүгүн, 17-сентябрда Кыргыз-Тажик Чек ара кызматынын өкүлдөрү жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн жолугушуусу күтүлүүдө.

Такталган маалыматка таянсак, ок атуудан 7 аскер жана 6 жергиликтүү тургун жаракат алган. Алар Исфана шаарынын ооруканасында жатат. Эки адамдын абалы оор. Ал эми жарадар болгон 11 адам КРнын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен Бишкекке алынып келинет.

Бөлүшүү