Кыргыз-тажик чек арасындагы атыштан улам Кыргызстандан сегиз киши жарадар болду (Видео)

Автор -
398

Баткендин Лейлек районунда, кыргыз-тажик чек арасындагы атыштан улам Кыргызстандан жалпысынан сегиз киши жарадар болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Максат айылына жакын жердеги атыштан эки чек ара кызматкери жана аталган айылдын алты тургуну жаракат алды. Алардын ичинде 14 жаштагы өспүрүм бар.

Жаракат алгандар Лейлек райондук ооруканасына жеткирилди. Алардын ичинен эки аскердин абалы өтө оор деп бааланууда, бири башынан жараат алса, экинчисине ок жаңылган.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматка ылайык, 16-сентябрда тажик тарап Лейлек районундагы Максат айылындагы чек ара бекетине, андан соң Сай айылындагы бекетке ок чыгарган. Анын кесепетинен Кыргызстандын бир чек арачысы каза болду. Ок атуу 21:30га карата токтогону кабарланды.

Ал эми Тажикстандын чек ара күчтөрү окуянын курчушуна кыргыз тарап себепкер болгонун жана окуядан 12 тажик жараны жаракат алганын билдирүүдө. Тажикстандыктар Кыргызстандын жарандарына аталган жерде мыйзамсыз курулуш баштаганын эскертип, аны токтотууну талап кылышканы айтылат.

Бөлүшүү