Акаев: Курсан Асановдой генералдар чек арадагы чырда керек болчу

Автор -

Бүгүн, Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев акыйкатчы Токон Мамытовдун ишин сынга алды.

«Биз адилетсиз өлкөдө жашап жатабыз. Азыр жөнөкөй тургундар эмес, саясатчылар, өкмөт башчылар өз укуктарын коргой албай келишүүдө. Мына кече чек арада чыр чыкты. Ички тирештин айынан Курсан Асановду кызматтан кетирип, азыр эч нерсе таппай атасынар. Ушундай окуяда Курсан Асановдой генералдар керек эле. Баткендеги айылдык кеӊештин депутаттарын чек ара чыры боюнча маалымат берсе, аны суракка чакырып атасынар»
деп билдирди.

Учурда Жогорку Кеӊеште Акыйкатчы Токон Мамытов 2018-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө баяндама берип жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү