Нур-Султанда адистештирилген райондук сот сүйлөшкөн кызын зордуктоого айыпталган жигитти 11 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарды.
Сот 26 жаштагы Шокан Абылкасымовдун күнөөсү толук далилденгенин айтты. Ал 11 жыл 3 ай түрмөгө кесилип, жабырлануучуга 1,5 миллион теңге (3900 доллар) моралдык чыгым төлөөгө милдеттендирилди.
Буга чейин сот Абылкасымов менен бирге кызды зордуктады деп айыпталган Мурат Ыдырсовду 10 жылга эркинен ажыраткан. Моралдык зыян иретинде бир миллион теңге төлөөгө милдеттендирилген.
Сотко чейин журналисттерге интервью берген жабырлануучу, 28 жаштагы Саина Раисова соттолуучулар аны опузалап, арызын алууну талап кылышканын айтты.
Сот өкүмү окулуп бүткөн соң айыпталуучу Абылкасымов ыйлап, эч кимди зордуктабаганын билдирди.
Эки жыл эл аралык издөөдө жүрүп, 2018-жылы мартта кармалган Шокан Абылкасымовдун жашы жете элек эки баласы бар, алар мурдагы аялы менен жашайт.
«Унчукпай калба» фондунун маалыматына караганда, 2019-жылдын алты айында Казакстанда 800дөй аял сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган.