Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатында 1/8 финалга чыкты

Автор -

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында 62 кг салмакта 1/16 финалда мексикалык атаандашын 8:0 эсебинде утту. Бул тууралуу «jebe.media» жазып чыкты.

Маалыматка таянсак, Тыныбекова 1/8 финалга жолдомо алды.

Ушул күндөрү спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жатат.

Анда ар бир салмакта 1-ден бешинчиге чейинки орунду камсыздаган балбандарга 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо берилет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү