Кечээ, 18-сентябрда саат 18.30 «Кулунду-авто жол» көзөмөл өткөрүү жайы Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарын өткөрүп баштады. Бул тууралуу чек ара кызматынан кабарлашты.
«Кулунду-авто жол» көзөмөл өткөрүү жайы Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айлынын түндүк тарабында жайгашып, көп тараптуу , күнү-түнү иш алып барган өткөрүү жайы болуп эсептелет.
Азыркы учурда Тажикстан менен чектешкен баардык беш өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иш алып барып жатышат.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу.