«Кулунду-унаа жолу» өткөрмө бекети ачылды

Автор -

Кечээ,  18-сентябрда  саат 18.30  «Кулунду-авто жол» көзөмөл өткөрүү жайы Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарын өткөрүп баштады. Бул тууралуу чек ара кызматынан кабарлашты.

«Кулунду-авто жол» көзөмөл өткөрүү жайы Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айлынын түндүк тарабында жайгашып, көп тараптуу , күнү-түнү иш алып барган өткөрүү жайы болуп эсептелет.

Азыркы учурда Тажикстан менен чектешкен баардык беш өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иш алып барып жатышат.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу.

Бөлүшүү