Лейлек районундагы Максат орто мектебинде окуу жанданды

Автор -

Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүндөгү Максат орто мектебинде окуу процесси 19-сентябрда кайрадан башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана  илим министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындагы 196 окуучунун 50сү бүгүнкү сабакка катышты. Калгандары кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кийин коңшу айылдардагы туугандарынын үйүнө кеткен.

Ошондой эле коңшу Бешкент айыл өкмөтүндөгү А.Момунов атындагы орто мектебинде да окуу процесси бүгүн жанданды. Бул мектепке 16-сентябрда Кулунду айылынын тургундары жайгаштырылган болчу. Билим уясында жалпы 305 окуучу бар.

Белгилей кетсек, кечээ, 18-сентябрда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков кыргыз-тажик чек арасында орун алган ок атышуудан жабыркап, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунунда дарыланып жаткан Максат айылындагы мектептин информатика мугалими Замир Адинаев менен 8-класстын окуучусу Раимберди уулу Өткүрбектен кабар алган.

Министр жабылануучулардын ал абалын сурап, тезирээк айыгып кетишин каалады. Ошондой эле ал  жаракат алгандарга каржылык колдоо көрсөттү.

Бөлүшүү