Алматыда Дамирбек Асылбек уулунун соту уланды

Автор -

19-сентябрда Алматы шаардык соту Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун доо арызын кароону улантты.

Аны соттун төмөнкү инстанциясы 10 жылга эркинен ажыраткан. Экс-депутатка «чек арадагы аткезчилик менен алектенген» жана «эл аралык уюшкан кылмыштуу топко катышы болгон» деген айып коюлган. Дамирбек Асылбек уулу күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Өткөн аптада башталган сот жараянында адвокаттар соттук тергөөнү кайра жандандырууну суранышкан. Алар райондук сотко катышпаган, бирок иликтөө учурунда көрсөтмө берген күбөлөрдү чакырууну өтүнүшүүдө. 19-сентябрда өткөн сот отурумунда адвокаттардын суроосу канааттандырылды.

Бейшембиде жабырлануучу тараптан Алматы шаардык мамлекеттик кирешелер департаментинин өкүлү көрсөтмө берди. Департамент соттолуучулардын иш-аракетинен улам мамлекеттик казнага 99 миллион теңге (255 миң доллар) түшпөй калганын билдирип, бул сумманы соттолгондордон өндүрүп берүүнү сурады.

Соттолгондордун адвокаттары райондук соттун чечимине ылыйык, бир эле Казакстанга эмес, Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө бардык өлкөлөргө зыян келгенин эске салышты. Департамент өкүлү бул сумманын кайсы бөлүгү Казакстанга таандык экенин так айта алган жок. Адвокаттардын эсеби боюнча айтылган сумманын жети пайыздан көп эмес бөлүгү гана Казакстанга тиешелүү. Жактоочулар департамент өкүлүнөн кылмыш ишиндеги ар бир эпизод боюнча канча каражат төлөнбөй калганы тууралуу маалымат берүүнү сурашты. Ал 26-сентябрда өтө турган келерки отурумда тиешелүү документтерди алып келерин айтты.

24-апрелде Алматы шаарынын райондук соту аткезчиликке байланыштуу айыпталган Дамирбек Асылбек уулун эки берене боюнча күнөөлүү деп таап, жалпысынан 10 жылга кескен. Аны менен кошо кармалган кыргызстандыктар Уланбек Мурадиловду 10 жылга, Чыңгыз Абакировду 8 жылга эркинен ажыратылган.

Былтыр 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында, Түштүк-Казакстан, Жамбыл облустарында атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров камалган. Казак бийлиги кармалгандардан «чек арадан аткезчилик менен ири өлчөмдө жүк өткөрүү менен алектенет» деп шек санаган.

Бөлүшүү