Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын сегизине операция жасалды

Автор -

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркап, Бишкекке алынып келингендердин сегизине 19-сентябрда операция жасалды. Учурда баарынын абалы жакшы. Бул тууралуу Саламаттык сактоо минстрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Травматология жана ортопедия борборунда учурда ар кандай жараат алган 10 адам дарыланып жатат.

Мындан сырткары, дагы 3 адам Лейлек аймактык ооруканасында дарыланууда. Экөөнүн абалы оор. Бири эсине келбей жатат.

Эске салсак, 16-сентябрда чек арадагы кагылышта жалпысынан 14 адам жабыркаган.

Бөлүшүү