Атамбаевдин тарапташтары дем алыш күндөрү да суракка чакырылууда (Видео)

Автор -

Экс-президенттин уулу Кадыр Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча арыз жазган адамдарды Аскер прокуратурасы жекшемби күнү суракка алып жатканын «Апрель» билдирди.

Буга чейин Кой-Таш менен Арашандын 1700 тургуну УКМК төрагасын, ИИМ жетекчисин жана президент Жээнбековду 7-8-августтагы кылмыштуу чабуул үчүн жоопко тартууну талап кылып, Башкы прокуратурага арыз жазышкан.

«Жарандык активисттердин биринин 70 жаштагы апасын жарым саат суракта кармашты. Аны «Опумбаевге жана башкаларга доом жок» деген тариздеги кагазга кол койдурууга көндүрүүгө аракет кылышкан. Улгайган аялга эмне кагазга кол койдурганы жатышканын түшүндүрүшкөн да эмес, «Ушул жерге кол койсоңуз, кете берсеңиз болот» дешкен. Муну убагында келип калган жактоочу токтотуп калды. Буга чейин кээ бир аялдарды жаш курагына жана ден соолугунун абалына карабастан, кол койгону үчүн 5 сааттай суракка алышыптыр»
дейт Кадыр Атамбаев.

 

Бөлүшүү