Абдурахман Муртазалиев грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону аталды (Видео)

Автор -

Нур-Султан шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчулар 11 медаль утушту. Бул тууралуу КРдин спорттун аталган түрү боюнча федерациясынан кабарлашты.

Эки күнгө созулган мелдеш 23-сентябрда аяктады.

Кыргызстандык спортчу Абдурахман Муртазалиев алтын медаль утуп, грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону аталды. Ал эми Абдылдабек Кекенов күмүш жана тогуз коло медаль утушкан.

Жалпы командалык эсепте кыргызстандыктар Россиядан кийин эле экинчи орунга татыган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү