Калыкул кызы Гульзада Атайын Олимпиада оюндарында алтын медаль тагынды (фото)

Автор -

Кыргызстандык спортчу Калыкул кызы Гульзада Атайын Олимпиада оюндарында жеңил атлетика боюнча алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктиги билдирди.

Ал мелдешке 100 метр аралыкка чуркоо боюнча катышып, аталган аралыкты 20,1 секундда чуркап өткөн.

Экинчи орунду Кытайдын өкүлү Йийи Чао (21.04) ээлесе, 3-орунду ливандык Мариям Али Эль Хадж Муса (21.38) багындырды.

Мелеш Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жатат. Ага 170 мамлекеттен 7000ден ашык спортчу катышууда. Спортчулар биринчилик алкагында 24 спорт түрү боюнча жеңүүчүлөрдү аныкташууда.

Кошумчалай кетсек, Атайын Олимпиада оюндары ден соолугунун интелектуалдык мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында өтүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү