Бишкектин айрым аймактарында 26-сентябрда муздак суу жок болот

Автор -

Бишкектин айрым аймактарында 26-сентябрда муздак суу берилбейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Көк-Жар» суу тосмосунда жана магистралдык суу куурларында оңдоо иштери жүрөт.

«Михаил Фрунзе, Түгөлбай Ата, Панфилов жана Ибраимов көчөлөрү менен чектеш аймакта саат 9дан 15:00гө чейин суу берүү токтотулат» деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү